КАТЫР I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Катуу кылуу, каткан абалга келтирип кургатуу. Шалбыраган, жаргак шымын күнгө жайып коюп катырган экенсиң («Ала-Тоо»). Катырган куруттарын жыйнап, энебиз эшикте жүргөн эле («Жаш ленинчи»). 2. өт. Этинен түшүрүү, жүгүрө тургандай абалга келтирүү, таптоо, суутуу. Кара кер атын атам чабышка салчудай таптап, катырып койгон (Бейшеналиев). 3. өт. Талкалоо, таш-талканын чыгаруу, жазасын берүү. Кармаганын катырган Балбан сыны бар экен («Манас»). Кадемин минтип катырды, Карыганда каңгыртып (Тоголок Молдо). Кара таандай калмактар Катырсын таштай тилегин («Курманбек»). Эсерлердин эңсесин катырып кожоюндарды колтукка согуш керек (Сасыкбаев). 4. өт. Аябай мыктылоо, келиштирүү, жерине жеткирүү, окшотуу. Үйдү катырган экенсиң! – деди Султан жаңы үйүбүздүн ары жак, бери жагын карап («Ала-Тоо»). Ошондо да сөзгө чечен жигит моюн бербей, катыра сүйлөп жатты. («Чалкан»).